• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары - 2024: Бүгүнкү күндүн программасы

Спорт 0

Бишкек, 13.09.24. /Кабар/. Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүүдө. Дене тарбия жана спорт департаменти мелдештин бешинчи күнүнүн программасын жарыялады.

Маалыматка ылайык, бүгүн кыска аралыкка ат чабыш, жорго салыш, ордо, тыйын эңмей, куш салуу, бүркүт салуу жана далба ойнотуу боюнча мелдештер болот.

Кыска аралыкка ат чабыш боюнча мелдештер Бишкек убактысы менен саат 10:00дө башталды.
Курама команданын тизмеси:
- 1600 м: Эсентур Тургунаалы уулу, Бактыяр Кадыралиев;
- 2400 м: Аскар Абдрасулов, Илимбек Бурганаков;
- 3200 м: Назик Бурганакова, Таалайбек Жеенбеков.

Ат чабыш боюнча мелдештер саат 12:00дө өтөт.
Курама команданын тизмеси:
Жорго салыш (9000 м):
- Абдулазим Дастан уулу;
- Ислам Кубанычбек уулу;
- Аскарбек Жеңишов;
- Чубак Жайлообек уулу;
- Нуриэль Иранов.
Кунан чабыш (11 000 м):
- Али Асаналиев;
- Арсен Болотбеков.
Топ байге (18 000 м):
- Дөөлөтбек Тополоңбаев;
- Нурэл Элесов;
- Тариэл Шүкүрбеков.
Аламан байге (25 000 м):
- Манас Замирбеков.

Тыйын эңмей боюнча оюндар саат 11:00дө башталды.
Курама команданын тизмеси:
- Азим Эсенбек уулу;
- Адилбек Кенжебек уулу;
- Аскат Таалайбеков.

Ордо оюну боюнча финалдык мелдештер саат 11:00дө башталды.
Курама командасынын тизмеси:
- Жумамидин Азизов;
- Дастан Жээнбеков;
- Бакытбек Кобошов;
- Акай Майрамбек уулу;
- Нурсултан Майрамбек уулу;
- Миңжашар Осмонбаев;
- Бакытбек Шерипбеков;
- Ниязалы Ташиев.

Бүркүт салуу, куш салуу жана далба ойнотуу боюнча мелдештер да саат 11:00дө башталды.

Пикир

Оставить комментарий