• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – 2024: Көк бөрү жана көк пар боюнча командалардын курамы аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 03.09.24. /Кабар/. 8-13-сентябрь күндөрү Казакстандын Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү жана көк пар (жер улак) боюнча мелдештер өтөт.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Кыргызстандын атынан жалпы 24 улакчы өлкө намысын коргойт.

Көк пар боюнча улуттук курама командасынын тизмеси:

- Жолдошбек Орозбаев;
- Эрлан Төлөбеков;
- Дастан Сагынбек уулу;
- Кушчубай Илич уулу;
- Манас Ниязов;
- Өмүрбек Эсен уулу;
- Эмирлан Жеңишбеков;
- Кубаныч Султан уулу;
- Ильяз Исаков;
- Майрамбек Рыспеков;
- Эрсултан Айдаркан уулу;
- Ырыскелди Анатаев;

- Каныбек Кубатов машыктыруучу.

Көк бөрү боюнча курама командасынын тизмеси:

- Рустам Тыналиев;
- Дастан Русланов;
- Нурдин Болотбеков;
- Кыязбек Ниязов;
- Сейитбек Анарбек уулу;
- Арген Абдылдаев;
- Тойчубек Жыргалбек уулу;
- Нуржан Мелисбек уулу;
- Фархатбек Бейшекеев;
- Искак Бекболот уулу;
- Бексултан Абдукалил уулу;
- Эржан Тургунбаев;

- Жолдошбек Орозбаев машыктыруучу.

Пикир

Оставить комментарий