Бишкек, 06.09.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын, 8-13-сентябрь күндөрү Казакстандын Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында тыйын эңмей боюнча мелдештер өтөт.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Кыргызстандын атынан жалпы 3 спортчу өлкө намысын коргойт.
Курама команданын тизмеси:
- Азим Эсенбек уулу;
- Адилбек Кенжебек уулу;
- Аскат Таалайбеков;
Улуттук курам машыктыруучулар Максат Батырбек уулу жана Жайыл Жакшылык уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.
Пикир
Оставить комментарий