• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

V Көчмөндөр оюнуна спорттун улуттук түрлөрү боюнча 268 катышуучу аттанат

Спорт 0

Бишкек, 08.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Казакстанда өтө турган V Көчмөндөр оюнуна Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциядан болжол менен 268 катышуучу аттанат. Бул тууралуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директорунун милдетин аткаруучу Жеңишбек Нурчоро уулу “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, алардын арасында көк бөрүчүлөр, чабандестер, салбуурунчулар, белбоо, таяк тартыш боюнча спортчулар жана машыктыруучулар, атайын өкүлдөр бар.

“Учурда оюндарга биздин өлкөнүн командалары толугу менен даяр. Көк бөрүгө жана көкпарга өз өзүнчө эки команда барат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий