• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны азайды. Себеби

Ден соолук 0

Бишкек, 28.11.24. /Кабар/. Кыргызстанда вакцинациянын жардамы аркылуу кызамык менен ооругандардын саны бир топ кыскарды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Кыргызстан кызамык оорусунун жайылышын кескин азайтуу боюнча жүрүп жаткан кампанияны колдоо үчүн Вакциналар жана иммунизациялоо боюнча глобалдык альянстын (Гави) гуманитардык жардамынын бир бөлүгү катары кызамыкка жана кызылчага каршы вакцинанын 526 миң дозасын алды. Вакциналарды жеткирүү ЮНИСЕФтин техникалык жардамы менен ишке ашырылган.

Ошондой эле республикалык бюджеттин эсебинен 21 млн сомго 294 миң доза вакцина сатылып алынган. Өтүнмөлөрдүн жыйынтыгында жалпысынан республикага кызамык жана кызылчага каршы 1 млн 587 миң доза жалпы суммасы 1 млн 330 миң АКШ долларына (же 113 млн 74 миң сом) вакциналар кайтарымсыз негизде алынды.

Пикир

Оставить комментарий