Валерий Кичин “Енисей” футбол клубуна кайтып келди

Спорт 0

Бишкек, 18.06.20. /Кабар/. Кыргызстандын фулбол курамасынын капитаны Валерий Кичин “Енисей” футбол клубуна кайтып келүүдө. Бул тууралуу “Енисей” футбол клубунун басма сөз кызматы билдирет.

Кичин “Енисей” клубу менен жаңы келишим түзгөн.

Быйыл ал Беларустун “Динамо” клубунан кеткенден кийин москвалык “Торпедо” менен келишим түзүп, аталган клубдун катарында ойноп жаткан.

Кыргызстандык футболчу алгач “Енисей” клубуна 2016-жылы келген. Ал, клубдун катарында үч сезон ойноп, 93 оюн өткөргөн, 7 гол киргизген. 2018-жылы ал өзүнүн клубуна алгачкы ирет Россиянын премьер лигасына чыгуусуна жардам берген.

Пикир

Оставить комментарий