• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Валюта рыногунда абал туруктуу – Улуттук банк

Экономика 0

Бишкек, 30.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Валюта рыногунда абал туруктуу. Алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүүлүгү сезондук факторлорго байланыштуу. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, сезондук факторлорго жайкысын туристтик агымдын жогорулашы аркылуу доллардын көбөйгөндүгү кирет.

“Кыргызстанда валюта курсу өзгөрүлмө мүнөзгө ээ. Валютанын алмашуу курсу бир катар факторлордун эсебинен калыптанат. Анын ичинде суроо-сунуштардын негизинде да түзүлөт. Ошондой эле валюта курсуна сезондук факторлор да таасирин тийгизет. Доллардын көлөмү жогорулаганда ушундай тенденция сакталат. Улуттук банк күнүгө валюта курсундагы абалды көзөмөлдөп жатат”, - деди ал.

Ошондой эле Мелис Тургунбаев курсту стабилдүү кармап туруу максатында Улуттук банк жыл башынан бери 15 интервенция жасаганын белгиледи.

“Үч ирет биз долларды саттык. 12 жолу долларды сатып алдык. Интервенциялардагы таза сатып алуу 308 млн АКШ долларын түздү”, - деп кошумчалады Улуттук банктын төрагасы.

Белгилей кетсек, 30-июлга карата доллардын расмий курсу 84 сом 3 тыйынды түзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий