• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Вашингтондо Кыргызстан менен Швейцариянын банк тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Швейцариянын Улуттук банкынын жаңы башчысы Мартин Шлегел менен жолугушту.

Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, тараптардын жолугушуусу Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун башкаруучуларынын Вашингтон шаарында өткөн ар жылдык жыйынына катышуунун алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө борбордук банктардын жетекчилери мындан ары да тыгыз кызматташууга жана монетардык саясат негиздерин өркүндөтүү маселелерин кошо алганда, бардык иш багыттары жана башка маселелер боюнча өз ара иш алып барууну күчөтүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.

Маалымат үчүн: Кыргызстан менен Швейцариянын Улуттук банктарынын ортосунда көп жылдан бери ар кандай иш багыттары боюнча эки тараптуу кызматташуу ийгиликтүү жүргүзүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий