Венада Эл аралык энергетикалык инвестициялык форум аяктады

Өкмөт 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Австриянын Вена шаарында Эл аралык энергетикалык инвестициялык форум аяктады.

Форум Дүйнөлүк банк тобунун колдоосу жана Австрия өкмөтүнүн көмөгү менен Кыргызстандын министрлер кабинети тарабынан уюштурулган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров соңунда сөз сүйлөп, форумдун ар бир катышуучусуна ыраазычылык билдирди.

"Сиздердин активдүү катышууңуздар жана критикалык темаларды талкуулоого умтулууңуздар, туруктуу жана жашыл келечекке болгон биргелешкен аракетибизди ырастайт. Бүгүн биздин форумдун жыйынтыгын чыгарып жатып, биз байланыштарды орнотууда жана мындан аркы аракеттерди жалпы түшүнүүдө олуттуу ийгиликтерге жетиштик деп ишенимдүү айта алам. Түзүлгөн Координациялык донордук комитет Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын жана "сааттарды салыштыруулардын" уландысы болот деп ишенем", - деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстанда бардык багыттар боюнча абдан позитивдүү өзгөрүүлөр болуп жатканын, алардын бири бул форум экенин белгиледи.

"Биздин өлкө өзүнүн өнүгүүсүнүн жаркын үмүттөргө жана дүйнөлүк перспективаларга толгон жаңы дооруна тайманбай кадам таштоодо. Келгиле, жашыл жана бакубат келечекти бирге курабыз”, - деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, форумдун негизги темасы Камбар-Ата -1 ГЭСин куруу долбоору болду.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин башчысы өлкө боюнча баяндама жасап, Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалына арналган пленардык жана панелдик жыйындарга катышты.

Форумдун соңунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча Координациялык донордук комитет түзүлүп, бир катар документтерге кол коюлду.

Иш-чарага 200дөн ашык эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү жана жетекчилиги, Борбордук Азия, Европа, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн делегациялары жана жеке инвесторлор катышты.

Пикир

Оставить комментарий