• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Юридикалык жактарды онлайн каттоо тесттик режимде ишке киргизилди

Өкмөт 0

Бишкек, 16.11.18. /Кабар/. Тийиштүү чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кеңешмесинде кабыл алынды.

Юридикалык жактарды онлайн каттоону тесттик режимде ишке киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен биргеликте маалыматтар базасын модернизациялоо жана юридикалык жактарды онлайн каттоонун маалыматтык тутумун түзүү боюнча техникалык милдеттерге байланыштуу маселелерди иштеп чыгуу тапшырылды.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Улуттук статистикалык комитети менен биргеликте тесттик онлайн режимде юридикалык (чет элдик) жактарды каттоону ишке киргизүүнү тапшырды.

Муну менен бирге мамлекеттик органдардын кызматкерлерин юридикалык (чет элдик) жактарды онлайн-каттоо маселелери боюнча окутуу жана бул маселе боюнча маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясы өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий