• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Министрлер кабинетинин төрагасы Камбар-Ата ГЭС каскадына барды

Өкмөт 0

Бишкек, 19.03.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында Камбар-Ата ГЭС-1 жана ГЭС-2 каскадына барды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров станциялардагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү үчүн Акылбек Жапаров жер үстүндөгү агып өтүүчү жайдын курулушун баштоону тапшырды.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин башчысы Камбар-Ата-1 ГЭСинде даярдык иштерин баштоону тапшырды. Тактап айтканда, электр станциясына баруучу жолду жана Нарын дарыясына көпүрө куруу тапшырылды.

Акылбек Жапаров Камбар-Ата-2 ГЭС аймагындагы №2 транспорттук тоннелдин курулушун аяктоо, электр линияларын тартуу жана куруучулар үчүн турак жай шаарчасын куруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий