• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Исаков өкмөт компанияларды кантип салык төлөтөрүн айтып берди

Өкмөт 0

Бишкек, 21.12.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Премьер-министр Сапар Исаков көптөгөн компанияларды көмүскөдөн чыгарып, кантип салык төлөтө турганын айтып берди. Бул тууралуу ал өкмөткө караштуу бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Кеңештин жыйынында айтты.

Анын айтымында, товарларды көзөмөлдөөнү жакшыртуунун алкагында товарга өндүрүлгөн учурдан тарта көзөмөлдүк кылууга болот.

“Система ушунчалык таасирдүү болгондуктан товар дүкөндөргө келип түшүп, сатылган соң, сатылганы тууралуу салык кызматына автоматтык түрдө отчет барат. Эгерде адам ресторандан тамактанса, эсепти төлөп, анын төлөмү салык системасына түшкөнүн текшере алат. Ар бир товар жана кызмат катталат”, - деди Исаков.

Премьер бул көптөгөн компанияларды көмүскөдөн чыгарган жакшы чара болорун кошумчалады. Өкмөт башчы алардын салыктарды көтөрүү же жазаны күчөтүү ниеттери жок экенин айтты.

“Биз баарына салыкты бирдей төлөөгө шарт түзгөн механизм иштеп чыктык”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий