• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМК: Сирияга кетүү максатында өлкөдө жалдоо иштерин жүргүзүп жүргөн чет элдиктер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.03.22. /Кабар/. Сирияга кетүү максатында Кыргызстандын аймагында жалдоо иштерин жүргүзүп жүргөн чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК диний-экстремисттик жана террористтик топторду аныктоо жана бөгөт коюунун алкагында КРнын аймагында эл аралык террористтик уюмдардын радикалдык идеяларын жайылтууга катышкан чет өлкөлүк жарандардын тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюулду.

Кыргызстандын аймагын транзит катары пайдаланып, Сириядагы согуштук аймакка кетүү максатында жалдоо иштерин Кыргызстандын аймагында жүргүзүп аткан чет мамлекеттин 1995-жылы туулган Н.Ш.М., жана 1998-жылы туулган Р.Т.С., аттуу жарандар кармалды.

Азыркы учурда КР УКМК эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.

Пикир

Оставить комментарий