• 85.8
  • 93.14
  • 0.88

Венада кыргыз-австрия аралаш комиссиясынын IX жыйыны өттү

Экономика 0

Бишкек, 31.10.24. /Кабар/. Күн мурун Австриянын Вена шаарында эки тараптуу экономикалык байланыштар боюнча кыргыз-австрия аралаш комиссиясынын 9-жыйыны өттү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандын делегациясын финансы министринин орун басары Руслан Татиков, экинчи тараптын деллегациясын Австриянын Федералдык эмгек жана Экономика министрлигинин экономикалык иштер, инновациялар жана эл аралык саясат боюнча башкы директору Флориан Фраушер жетектеди.

Жыйындын алкагында Татиков менен Фраушер жолугушуп, Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Эки тарап эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар учурдагы экономикалык абалды жана эки тараптуу мамилелердин келечегин талкуулашты. Кыргыз делегациясынын ар бир мүчөсү Кыргыз Республикасында ишке ашыруу үчүн биргелешкен долбоорлорду аныктоого багытталган баяндамасын сунуштады.

Кайра жаралуучу энергия, соода, инфраструктура, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана айыл чарба жаатында кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду. Р.Тактиков австриялык инвесторлорду активдүү катышууга чакырып, президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган милдеттер жөнүндө айтып берди.

Финансы министринин орун басары ошондой эле Кыргызстандын экономикасынын жетишкендиктерин, Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Кытай – Кыргызстан –Өзбекстан темир жолун куруу сыяктуу ири инвестициялык долбоорлорду белгилеп, австриялык компанияларды бул демилгелерге катышууга чакырды.

Жыйындын жыйынтыгында боюнча протоколго кол коюу аземи өттү.

Финансы министринин орун басары Татиков австриялык кесиптешине ыраазычылык билдирип, кийинки жыйынды Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий