Венада өтчү эл аралык форумда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш долбоору сунушталат

Өкмөт 0

Бишкек, 09.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вена шаарында өтө турган эл аралык инвестициялык энергетика форумуна катышат.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, талкуунун негизги темасы Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоору болмокчу.

Анда Акылбек Жапараов өлкө боюнча баяндама жасап, республиканын гидроэнергетикалык потенциалына арналган пленардык жыйынга жана панелдик жыйындарга катышат.

Белгилей кетсек, форум Дүйнөлүк банк тобунун колдоосу жана Австрия өкмөтүнүн көмөгү менен КР министрлер кабинети тарабынан уюштурулган.

Форумга 200дөн ашык эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү жана жетекчилиги, Борбордук Азиядан, Европадан, Жакынкы Чыгыштан делегациялар, жеке инвесторлор, ири инвестициялык банктардын жана компаниялардын өкүлдөрү, электр станциялары жана подряддык уюмдар ошондой эле гидроэлектростанциялар үчүн жабдууларды чыгаруучу алдыңкы компаниялар катышат.

Пикир

Оставить комментарий