• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өлкѳ боюнча 775 мектеп интернет байланышына кошулат

Өкмөт 0

Бишкек, 24-июль /Кабар/. Жаңы окуу жылынын башталышы менен Кыргызстанда дагы 775 мектеп интернетке туташтырылат. Мунун ичинен азырынча 608 интернетке кошулду, калган 167 мектеп 2017-жылдын сентябрь айындагы жаңы окуу жылынын башталышы менен аягына чыгарылат. Анын ичинде 27 мектеп өлкөнүн чек ара райондорунда жайгашкан. Мындай маалымат 21-июлда өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги астында жаңы окуу жылына карата даярдыктар боюнча өткөрүлгѳн жумушчу кеңешмеде белгилүү болду.

Соңку убакта мамлекет тарабынан өлкөбүздүн билим берүү тармагына өзгөчө олуттуу көңүл бурулуп келе жатканын байкаса болот. Муну өлкөнүн премьер-министри өз сөзү менен да бекемдеп, республикада билим берүү тармагына сезилээрлик каражаттар бөлүнүп жатканын кабарлайт. “Кыргызстанда мамлекеттик органдарда жана билим берүү мекемелеринде электрондук башкаруу системасын ишке киргизүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Заманбап интернет-технологияларды колдонуу менен билим берүү процессинде жаңы структураны куруу маселеси өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө турат”, – деп баса белгилеген премьер-министр Сооронбай Жээнбеков электрондук заман өнүккөн азыркыдай шартта билим берүү системасына кайдыгер эмес экенин жетекчи катары илимге жасаган кадамдары аркылуу далилдеп келүүдө. Өкмөт башчыбыз билим берүү жана илим министрлигине менен маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине 2017-жылдын 1-сентябрындагы жаңы окуу жылына карата коюлган тапшырманы аткарууну тапшырды.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева маалымдагандай, бул максатта республикалык казынадан 2017-жылы 111,8 млн сом каралган. Министрдин баса белгилөөсүндө өкмөттүн бул тармакка көргөн камкордугу менен буга чейин да өлкөбүздөгү 467 мектеп интернетке кошулган. Сентябрда буга дагы 775 орто окуу мекемеси кошулат. Муну менен республикадагы 60 % мектептер интернет түйүнүнө туташтырылат.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев белгилегендей, калган баардык мектептер интернетке 2018-жылы «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруунун алкагында туташтырылат.

Ырас, “билимдүүгө дүйнө жарык” деген кеп да таасын жерден чыгарылбаса керек. Кыргыздын ушундай улуу философиясын туу туткан өкмөт башчынын окуучулардын бүгүнкү татыктуу билим алуусуна кам көргөн жүрүштөрү эле анын өлкөбүздүн эртеңки келечегин ойлоп, бүгүн арканды алыс таштап жатканынын өзү эле анын жол билген жетекчи экенинен кабар берип жатпайбы. Сооронбай Жээнбековдун билим берүү системасына көргөн мындай камкордугун эми тиешелүү жетекчилер илгиртпей илип алышып, жалпы иштин кызыкчылыгы үчүн баарыбыз бирдей аракет кылышыбыз керек. Ошондо гана иштин жыйынтыгы көрүнмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий