• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Венгрияда "Айтматовдук окуу" маданий агартуу иш-чарасы өттү

Маданият 0

Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. Венгрияда "Айтматовдук окуу" маданий агартуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чара залкар жазуучу, дипломат, мамлекеттик жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесин белгилөө алкагында өткөн.

Ага Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Будапештте аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери, Ч.Айтматовду жеке тааныган маданият өкүлдөрү, ошондой эле ТМУ өлкөлөрүнөн келген студенттер катышты.

Маданий агартуу кечесин Кыргызстандын Венгриядагы элчилиги Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Венгриядагы окүлчүлүгү менен биргеликте өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий