• 87
  • 89.68
  • 0.84

Министрлер кабинетинин ВИЧ жана вирустук гепатиттер жаатындагы токтому чыкты

Ден соолук 0

Бишкек, 09.01.25. /Кабар/. Кыргызстанда ВИЧ жана кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттер жаатындагы коомдук саламаттык сактоо жана жарандардын ден соолугун коргоо маселелери жөнгө салынды.

"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" жана "Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" мыйзамдарды ишке ашыруу максатында министрлер кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы токтому менен төмөнкүлөр бекитилди:

- адамдын иммундук жетишсиздик вирусун күбөлөндүрүү, текшерүү, каттоого алуу жана маалыматтын купуялуулугун сактоо тартиби;

- ведомстволук таандыктыгына карабастан мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында жана социалдык мекемелерде ВИЧке, кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерге (В жана С гепатити) акысыз текшерилүүгө жана күбөлөндүрүлүүгө тийиш болгон адамдардын тизмеги;

- ВИЧке жана кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерге (В жана С гепатити) милдеттүү медициналык текшерилүүгө тийиш болгон адистиктердин жана кызмат орундарынын тизмеги;

- ВИЧ менен ооруган адамдарды эмгекке тартууну жөнгө салуучу адистиктердин жана кызмат орундарынын тизмеги;

- ВИЧ боюнча кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүүгө укуктуу өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызмат орундарынын тизмеги.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий