• 87
  • 90.41
  • 0.84

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Баткен облусундагы бекеттерди текшерди

Өкмөт 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Баткен облусундагы «Кызыл-Кыя - автожол», «Кадамжай-автожол», «Кызыл-Бел – автожол» көзөмөл-өткөрүү жайларын текшерди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Вице-премьер-министр чек ара, фитосанитардык, ветеринардык санитардык-эпидемиологиялык, медициналык кызматтардын жүргүзүп жаткан иши менен таанышып, анда маселелер жана милдеттер талкууланды.

Акрам Мадумаров санитардык-контролдук пункттарды көрүп, чет өлкөлөрдөн келип жаткан мекендештерге медициналык кароо иш-чараларын өткөрүүчү тиешелүү кызматтардын ишин текшерди.

Андан соң вице-премьер-министрдин төрагалыгы алдында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана ага жол бербөө боюнча кабыл алынган чараларды талкуулаган облустук штабдын жыйыны болду.

Вице-премьер-министр коопсуздукту камсыз кылуу жана ден соолукту сактоо боюнча коюлган тапшырмаларды сапаттуу жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, тармактык мекемелерге жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмаларды берди.

Акрам Мадумаров жугуштуу илдеттердин алдын алуу жана өздүк гигиена эрежелери боюнча, ошондой эле эл көп топтолгон жерге барбай туруу, үй-бүлөлүк, маданий жана башка иш-чараларды өткөрбөй туруу боюнча Өкмөттүн жана Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштары жана талаптары жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин натыйжалуу жана сапаттуу жүргүзүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 19-мартынан тарта чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө тыю салынган.

Пикир

Оставить комментарий