• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

"Бишкек жылуулук тармактары" абоненттерге төлөмдөрдү терминалдар аркылуу жүргүзүүнү сунуштайт

Коом 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынан буйругуна ылайык бүгүн, 19-мартта шаарда жылуулук мезгили аяктады. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук тармактары" ААКсынан билдиришти.

Ишканадан белгилешкендей, 2019-2020-жылдагы жылуулук сезонунда шаарды жылуулук менен камсыздоо ишин 1 миңге жакын кызматкер аткарган. Эми ишкана келе жаткан күз-кыш мезгилине даярдык көрө баштады.

Коронавируска байланыштуу "Бишкек жылуулук тармактары" ишканасы абоненттерге кайрылып, жылуулук жана жылуу суу акысы канча чыкканын www.teploseti.kg сайты же telegram-бот тиркемеси (teploseti_bot дарегинде) аркылуу билип, кайрылууларды жөнөтүүнү жана жылуулук жана жылуу суу акысын "Пей24", "Система Квик Пэй", "BM Technologies", "BM Technologies" төлөм терминалдары же электрондук капчык аркылуу төлөөнү сунуштайт.

Кошумча маалымат үчүн: 1980, (312)61-11-69.

Пикир

Оставить комментарий