Вице-премьер-министр жалпы республикалык тестирлөө кандай түрдө өтөрү тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова жалпы республикалык тестирлөө кандай түрдө өтөрү тууралуу айтып берди.

Ал, учурда мектептерде окуулар дистанттык түрдө өтүп жатканын жана ал окуу жылынын аягына чейин уланарын айтып, сынактар да дистанттык түрдө өтөрүн билдирди.

Ал белгилегендей, жалпы республикалык тестирлөөнү дистанттык түрдө өткөрүүгө болбойт.

"Жалпы республикалык тестирлөө тууралуу айтсак, бул боюнча Билим берүү министрлиги иш алып барууда. Учурда бүтүрүүчүлөрдүн 80%ы тестирлөөгө каттоодон өткөн. Тестирлөө карантин өткөндөн кийин реалдуу режимде өткөрүлөт. Учурда жалпы республикалык тестирлөөнү тапшыруунун графиги түзүлүүдө. Тестирлөөнү эки баскыч менен өткөрүү пландалууда. Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен окуу жайларга тапшыруунун мөөнөтү тестирлөө аяктагандан кийин белгиленет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий