• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Владимир Путин Ислам Халиловду "Крокус Сити Холлдо" адамдарды куткаргандыгы үчүн сыйлады

Коом 0

Бишкек, 24.05.03. /Кабар/. Ислам Халилов "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы терактта адамдарды куткаргандыгы үчүн Россия Федерациясынын атайын медалы менен сыйланды. Тиешелүү жарлыкка 2024-жылдын 2-майында президент Владимир Путин кол койгон.

Жарлыкка ылайык, мектеп окуучусу Ислам Халилов "экстремалдуу шарттарда адамдарды куткаруудагы тайманбас жана чечкиндүү аракеттери үчүн" сыйланды.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 22-мартында Москва районундагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон теракт учурунда 15 жаштагы бала 100дөн ашуун адамды куткарып калган.

Анын үй-бүлөсү бир топ жыл мурун Кыргызстандан Москвага көчүп келип, бала өзү Россияда туулуп-өскөн

Пикир

Оставить комментарий