Бишкек, 31.12.24. /Кабар/. Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин президент Садыр Жапаровду жана кыргызстан элин жаңы жыл майрамы менен куттуктады.
«Чын жүрөктөн чыккан жаңы жылдык куттуктоолорду кабыл алыңыз. Россиялык-кыргыз стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери абдан ийгиликтүү өнүгүүдө. Биздин өлкөлөр саясий, соода-экономикалык, гуманитардык жана башка тармактарда активдүү кызматташып, КМШ, ЕврАзЭС, ЖККУ, ШКУ жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында натыйжалуу өз ара аракеттенүүдө.
Биз, албетте, конструктивдүү эки тараптуу байланыштарды андан ары арттыруу, ошондой эле Евразия мейкиндигинде өз ара пайдалуу интеграциялык процесстерди илгерилетүү жана регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу максатында биргелешкен тыгыз иштерди улантабыз.
Сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана жаңы 2025-жылы ийгиликтерди, ал эми Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына — бакыт жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Пикир
Оставить комментарий