Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Волейбол боюнча кыздар арасында Кыргызстандын чемпионатынын биринчи туру Бишкек шаарында өтүүдө. Бул тууралуу Волейбол федерациясынан кабарлашты.
Оюндар Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 8 команданын катышуусунда өтүүдө.
6-февралда катардагы төрт оюн болуп, "Салам-Алик" жана "Улар" командалары атаандаштарын жеңип тизменин сап башында келе жатат.
Оюндардын 6-февралдагы көрсөткүчтөрү:
"Нарын" – "Дордой" - 0:3 (7-25; 9-25; 14-25)
"Ала-Тоо" – "Улар" - 1:3 (20-25; 25-23; 10-25; 18-25)
"ЛИМА" – "Билим" - 0:3 (10-25; 14-25; 13-25)
"Ош-Датка" – "Салам-Алик" - 0:3 (21-25; 18-25; 9-25)
Пикир
Оставить комментарий