• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

WhatsApp колдонмосуна атаандаш TamTam мессенджери чыкты

Дүйнө 0

Бишкек, 25-май /Кабар/. Mail.Ru Group тарабынан иштелип чыккан жаңы мессенджер TamTam Viber жана WhatsApp сыяктуу гиганттык колдонмолорго олуттуу атаандаш боло алат. Бул тууралуу RT менен сүйлөшүүдө Telecom Daily аналитиги Илья Шатилин билдирди.

“Менимче, TamTam Viber жана WhatsApp колдонмолоруна атаандаш боло алат. Бул мессенджер иштелип чыккан “Одноклассниктин” базасында колдонуучулар көп. Эгерде TamTam бул чөйрөдө өнүксө, белгилүү болушу ыктымал” , - деди ал.

Мессенджерлерде колдонуучуларга өздүгүн аныктоосуз байланышканга тыюу салган МДга киргизилген мыйзам долбоору Mail.Ru Group үчүн оңтойлуу болот. Алардын колдонмосу бул аркылуу россиялык атайын кызматтар менен кызматташуудан баш тарткан колдонуучулардан арылат.

“Учурда Россияда мессенджерлерди иштеп чыгуучулар россиялык атайын кызматтар менен кызматташуусу керектиги тууралуу кеңири сөз жүрүүдө. TamTam колдонмосу Telegram сыяктуу каналдарга ээ. Эгерде Telegram жабылса, TamTam анын ордун ээлеп калышы толук мүмкүн”, - деп жыйынтыктады Шатилин.

Буга чейин Mail.Ru Group жаңы мессенджерди ишке киргизгендиги белгилүү болгон. Колдонмо телефондогу контакттар, ошондой эле компаниянын долбоорлорунун колдонуучуларынын арасында колдонулмакчы.

Булагы RT.ru
25.05.17

Пикир

Оставить комментарий