Wildberries Чүй облусунун аймагында заманбап логистикалык борбор курат

Экономика 0

Бишкек, 17.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги, президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү жана Wildberries`тин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кол коюу аземи күн мурун, 16-майда Татарстанда өтүп жаткан "Казань Экспо" эл аралык көргөзмө борборунун аянтында "Россия-Ислам дүйнөсү: Kazan Forum 2024" эл аралык экономикалык форумунун алкагында өттү.

Меморандумга экономика министринин орун басары Назарбек Малаев, президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев жана Wildberries эл аралык электрондук коммерция жана логистикалык платформасынын башкы директору Татьяна Бакальчук кол койду.

Меморандум инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташууну, ошондой эле Чүй облусунда трансчек аралык электрондук соодасын тейлөө үчүн 300 миң м2 заманбап логистикалык борбордун курулушун камтыйт.

Ири масштабдуу инфраструктуралык долбоорду ишке ашыруу республиканын ИДПсынын динамикасына оң таасирин тийгизет, жаңы чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү жана пайда кылуу аркылуу калктын иш менен камсыз болуу деңгээлин жана экономикалык активдүү калктын санын көбөйтүүгө көмөктөшөт.

Кыргызстанда электрондук соода абдан тездик менен өнүгүп жатат. Бүгүнкү күндө Бишкек жана Ош шаарларында Wildberries`тин сорттоочу 2 борбору жана 130дан ашык тапшырыктарды жеткирүү пункттары бар. Бүгүнкү күндө аталган маркетплейсте кыргызстандык 17 миңден ашуун сатуучу катталган, ал эми 2022-жылы алардын саны 7 миңге жакын болгон.

Маалымат үчүн: Wildberries – эл аралык электрондук коммерция жана логистикалык платформа. 2003-жылдан бери ал товарлардын кеңири тандоосу менен ыңгайлуу платформаны, ошондой эле тиешелүү кызматтарды иштеп чыгууда: финтех, саякаттар, санариптик бөлүштүрүү.

Пикир

Оставить комментарий