Бишкек, 13.01.25. /Кабар/. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча дүйнөдөгү ар бир 10 адамдын 9у булганыч абадан дем алат. Жыйынтыгында жылына 2 миллиондон ашык адам жүрөк оорусунан, 1 миллиондон ашыгы инсульттан каза таап, жалпы 7 миллион адамдын өлүмүнө себепкер болот.
Булганыч аба жана түтүн аралашкан ыштан бөлүнүп чыккан азот кычкылы, зыяндуу химиялык заттар адамдын дем алуу органдарын жабыркатып:
- өпкөнүн сезгенүүсү
- астма
- бронхит
- алсыроо жана баш ооруу
- жүрөк-кан тамыр оорулары
- бөйрөктүн жетишсиздиги
- өнөкөт жана рак оорусун козгошу мүмкүн.
Ыш-түтүндүн зыяны жаш куракка карабай бирдей таасир берип, наристелердин өмүрү үчүн өтө кооптуу.
Андыктан өзүбүздүн жана жакындарыбыздын саламаттыгы үчүн ышка каршы бирге аракеттенели!
Пикир
Оставить комментарий