Ысык аптапта кондиционер пайдалуубу же зыянбы? Адистен кеңеш

Коом 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Жай келээр замат жарандар ысык аптаптан сактануунун жолдорун издегенге шашылат. Анан дароо эле алардын көпчүлүгү үйдө же кеңседе кондиционерди иштетишет. Бул ирет “Кабар” агенттиги окурмандарга кондиционерди туура колдонуу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана дарыгерлердин кеп-кеңештерин сунуштайт.

Кондиционерди туура пайдалануу эрежелерин биле жүрүңүз. ӨКМдин маалыматына таянсак, учурда турак үйлөрдөгү өрт кырсыгынын чыгышына бирден бир себепкер кондиционер болууда. Онго жакын тилсиз жоо кондиционерди туура эмес колдонуудан улам келип чыккан.

Мындан улам ӨКМ кондиционерди колдонууда эрежелерди так сактоо абдан маанилүү экенин эскертет.

  • Жабдуунун ичинде өрттүн тутанышына жол бербөө үчүн абанын жакшы айлануусу маанилүү. Желдетүүчү түтүктөрдү атайылап тосууга болбойт. Кондиционер эч качан чүпүрөк же башка күйүүчү материалдар менен жабылбашы керек. Суу жана чаң агрегаттын ичине кирбөөсү үчүн эрежелерди так сактоого зарыл;
  • Тышкы блок ысык абаны бөлүп чыгаргандыктан анын жанына күйүүчү материалдарды коюуга жана үстүнө ар кандай нерселерди жабып кургатууга тыюу салынат;
  • Кондиционерди орнотууда бөлмөдөгү зымдар аппараттын кубаттуулугуна дал келиши шарт. Аппараттын зымы буралып, кысып же өтө катуу болбошу керек. Ал түздөн-түз розеткага туташтырылышы зарыл. Зымдын абалын көзөмөлдөп, убагында маани берилбесе терс таасирин тийгизиши толук ыктымал. Кондиционердеги атайын фильтрди жок дегенде бир айда бир жолу тазалап туруу кажет;
  • Шайманды өчүрүүдө розеткадан сууруп алууга чейин башкаруу пульту аркылуу иштешин токтотууну эстен чыгарбоо маанилүү;
  • Көпчүлүк кондиционерлерди узак убакытка толук кубаттуулукта калтырууга болбойт. Ар бир 1,5-2 саат сайын тыныктыруу керек. Ошондой эле түнү бою күйгүзүү сунушталбайт жана аны эч качан иштетилген абалда калтырбоо зарыл.

Кондиционердин зыяны же пайдасы тууралуу дарыгерлер эмне дейт?

Ал арада дарыгерлер ысыктан коргоонууда кондиционерди ден соолукка зыяны тийбегендей, абайлап колдонуу керектигин белгилешет.

  • Кондиционер туура орнотулуусу зарыл. Андан чыккан аба адамга багытталбашы керек;
  • Температура кескин түшүп кетсе сыркоолоп калышыңыз мүмкүн. Бир бөлмөдө температура 18, кийинкисинде 32 градуска жетсе, сиз кышта көчөгө жеңил кийим менен чыккандай болосуз. Андыктан кондиционер иштеген имараттын ичинде абанын температурасынын айырмасы 8-10 градустан ашпашы керек;
  • Адамдын организми жаратылыштын ар кандай шарттарына бат көнөт. Бирок иштеп турган кондиционер жашоонун кадимки шартына жасалма кийлигишет. Мындай учур организмдин жалпы каршылыгын начарлатып, иммунитеттин төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн. Невралгия оорусун пайда кылып, аллергия, ангина, ал тургай пневмония, ревматизмдин, бронхиттин күчөшүнө алып келет;
  • Косметологдордун пикиринде, кондиционердин зыяны көп, терини кургатып, тез карытат. Анткени теринин идеалдуу температурасы 23-24 градус;
  • Кондиционердин чыпкаларында бактериялардын көбөйүшүнө жол бербөө үчүн аларды маал-маалы менен жуудуруп туруңуз;
  • Кондиционер колдонсоңуз, бөлөмүңүздү күндө эки маал желдетип туруңуз. Ал үчүн терезени 15 мүнөткө ачып коюу жетиштүү.

Пикир

Оставить комментарий