• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Ысык-Ата районунда көмүрдүн тоннасы 5200 сомдон сатылууда. Тартыштык жок

Аймак 0


Бишкек, 19.12.24. /Диана Айдарова - Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына караштуу 2 көмүр кампасы иш алып барууда. Учурда алардын ар бири суткасына 30-40 тонна көмүр сатылууда. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын Чүй облусунун аймактарына журналисттер үчүн уюштурган пресс-турдун жүрүшүндө маалым болду.

Кампа жетекчилигинин билдирүүсүнө ылайык, быйылкы сезондун башынан бери бул эки кампада 4 миң тоннадан ашык көмүр Монополияны жөнгө салуу кызматы тарабынан коюлган баада 5 миң 200 сомдон сатылып, мамлекет тарабынан коюлган баа өзгөртүлгөн жок.

“Топ базасы болуп ачылганбыз, бир жарым айдын ичинде 4 миң тоннадан ашык көмүр сатылды. Базада көмүр жок күн боло элек, “Кыргызкөмүр” ишканасы да чоң аракеттерди жасап жатат. Бизде көмүрдүн тоннасы 5 миң 200 сомдон болсо, башка жеке жактар 6 миңден 6 миң 500го чейин сатууда. Ысык-Атанын айланасындагы айылдардын барын көмүр менен камсыздаганга жетишип жатабыз. Бизде көмүр туруктуу баада. Жеткирүү боюнча да маселе жок, атайын унааларыбыз бар”, - деди көмүр кампанын жетекчиси Бакыт Аргумбаев.

Белгиленгендей, кыш мезгилинин келиши менен жылдагыдай тартыштык болгон жок. Кезек күткөндөргө тегиз жетип, жеткирүү иштеринде да кемчилик катталган эмес. Учурда Ысык-Ата районунда калкты кара алтын менен камсыздоо боюнча маселе жок.

Эскерте кетсек, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы калкты көмүр менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен тааныштыруу максатында Чүй облусунун аймактарына журналисттер үчүн пресс-тур уюштурду.

Пикир

Оставить комментарий