• 87
  • 90.55
  • 0.84

Ысык-Ата районунун акими ишеничтен кеткенине байланыштуу кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Алмазбек Осмонов Чүй облусунун Ысык-Ата районунун акими кызматынан бошотулду, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

"Президент Садыр Жапаров Жарлыкка кол койду, ага ылайык, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө"КР Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктун, 71-беренесин жетекчиликке алуу менен Осмонов Алмазбек Абдилакович ишеничтен кеткенине байланыштуу Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими кызматынан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий