• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ысык-Ата санаториясын оңдоп-түзөө иштери аяктады. 2 жумадан соң ачуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 21.11.24. /Кабар/. Эки жумадан кийин Ысык-Ата санаториясын оңдоп-түзөөдөн кийин ачуу пландалууда. Бул тууралуу президенттик Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев маалымат жыйында билдирди.

Туманбаевдин айтымында, мурда ал жерде бир нече кожоюн болгон.

«Бир адам мейманканага ээ болсо, экинчиси бассейндерди менчиктештирип алган. Аларды мамлекетке өз ыктыяры менен тапшырышты. Учурда алардын насыя боюнча бир аз көйгөйлөрү бар, бул маселелер азыр чечилип жатат», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий