• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

"Ысык-Ата" санаторийи эс алуучуларды кабыл алууга даяр

Аймак 0

Бишкек, 17.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. "Ысык-Ата" санаторийи эс алуучуларды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу аталган ден соолукту чыңдоочу мекеменин директору Рустам Кадыркулов "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, санаторийде көрсөтүлө турган кызматтардын баалары саналуу күндөрдөн кийин бекитилет.

"Баалар жарандар үчүн жеткиликтүү болот. Орундарды санаторийдин сайты жана социалдык баракчалары аркылуу алса болот", - деди ал.

Президенттин Иш башкармалыгынын Санаториялык-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объекттердин ишин башкаруу боюнча дирекциясынын директору Данияр Токтотемиров маалымдагандай, санаторийдеги курулуш иштери 15-майда башталган. Көп корпустар ремонттолуп, жаңы эмеректер жана жабдуулар менен камсыздалды.

"Бардык дарылоо корпустары ремонттон өттү. Анын ичинде бейтапкана, административдик имарат, жатаканалар бар. Ошондой эле жаңы 12 эс алуучу коттедждер салынды. Аймак толугу менен жашылдандырылды", - деди дирекциянын жетекчиси.

Мындан сырткары, Токтотемиров санаторийдин аймагындагы бассейндер толугу менен жаңылангандыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий