• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Ысык-Атада мамлекеттик органдын өкүлдөрү эл менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 20.08.24. /Кабар/. Бүгүн мамлекеттик органдын жетекчилеринин делегациясы Чүй облусунун Ысык-Ата районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев, башкы прокурордун биринчи орун басары Баймурза Маатов, ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жана ошондой эле облустук, райондук мекемелердин жетекчилери катышты.

Эл менен болгон жолугушуу Ысык-Ата районунда өтүп, жергиликтүү тургундар көйгөйлүү маселелерди көтөрүшүп жана аларды чечүүнүн жолдору талкууланды. Ошондой эле, жолугушууда район аймагындагы социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлүп, коопсуздук жана укуктук тартип маселелерине байланыштуу кайрылуулар болду.

Адылбек Бийбосунов коопсуздук жана тартип маселелери ички иштер органдары үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеп, милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Иш-чаранын соңунда жер-жерлердеги көйгөйлүү маселерди тез арада чечүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий