• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Оштун Жапалак айыл аймагынын 4 көчөсүндө жол асфальттоо иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 05.06.22. /Кабар/. Жапалак айыл аймагынын Ормон Абылов көчөсүндөгү жолду асфальттоо иштери башталды, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бул иштер Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун буйругунун негизинде шаардык кеңештин депутаты Канат Папишовдун демилгеси менен жүрүүдө. 4 күндүн ичинде 600 метр жол асфальтталат. Ошондой эле Шамшы Өмүралиев көчөсүндөгү 1200 метр жолго, Камил Эргешов көчөсүнүн 850 метр аралыгына, Базыбай Эргешов көчөсүндөгү 500 жолго асфальт төшөө пландалууда.

Жол куруу иштери “Ош шаардык жолдор башкармалыгы” тарабынан жүргүзүлүүдө. Жумушка 15 атайын техника жана 25 жумушчу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий