• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жалал-Абад облусундагы коопсуздук маселелерин талкуулаган координациялык кеңешме өттү

Аймак 0

Бишкек, 05.06.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы коомдук коопсуздук, чек ара маселелери, тоо кен тармагында орун алган бир катар көйгөйлөрдү талкуулаган координациялык кеңешме өттү. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери, район-шаарлардын жана айыл өкмөт башчылары катышты.

Координациялык кеңешмеде чек ара коопсуздугу, чыр чатактарды болтурбоо, Ала-Бука районунундагы “Фул Голд Майнинг” тоо кен компаниясында эмгектенген жергиликтүү жумушчуларга зарыл шарттарды түзүү керектиги боюнча маселе көтөрүлдү. Облус башчысы компания жетекчилигине буга чейинки элдердин нааразычылыгынан улам түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын койгон талаптарын 1-июлга чейин аткарууну эскертти. Компанияны бардык иш-аракеттерди мыйзам чегинде жүргүзүүгө чакырды.

Кеңешмеде КР Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн облустагы кызматкери тарабынан, мамлекеттик чек арадагы өзгөчө кырдаалдар, ошондой эле областын аймагындагы убактылуу же туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандардын катышуусундагы окуялар боюнча тиешелүү органдардын ортосунда өз ара аракеттенүү, ыкчам байланыш түзүүнү жакшыртуу зарылдыгы белгиленди.

Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу Абсаттар Сыргабаев, район-шаарлардын жана айыл өкмөт башчыларына, тийиштүү кызматтардын жетекчилерине, координациялык кеңешмеде айтылган ар бир маселенин чечүүнүн үстүндө максималдуу жумуш аткарууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий