• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кеминде муктаж үй-бүлөлөргө көмүр таратылып, акчалай жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 08.02.21. /Кабар/. Кемин шаарындагы муктаж үй-бүлөлөргө көмүр жеткирилди. Бул тууралуу Чүй облусунун Кемин районунун баш имам хатиби Куттубек ажы Дүйшөбаев билдирди.

Иш-чара алкагында шаар ичиндеги муктаж 20 үй-бүлөгө, ар бирине 5 мүшөктөн, жалпысынан 100 мүшөк көмүр акысыз таратылды. Ошону менен катар аларга жалпы суммасы 10 миң сомдон ашуун акчалай жардам көрсөтүлдү.

Бул иш-чараны өз ысымдарын атагысы келбеген Кемин шаарынын тургундары уюштурушкан.

Кемин районунун баш имам хатиби иш-чараны уюштуруучуларга өз ыраазычылыгын айтып, аларга батасын берди.

Пикир

Оставить комментарий