• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Сүрөттөр сүйлөйт. Таласта өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарынын экинчи күнү

Аймак 0

Бишкек, 20.09.19. /Кабар/. Бүгүн Таласта Улуттук көчмөндөр оюндарынын экинчи күнүнүн маданий программасы өтүп жатат.

Программа боюнча Талас, Чүй, Ысык- Көл облустары жана “Ала-Тоо айымдары” коомдук экологиялык кыймылынын маданий программасы тартууланууда.

"Оюндардын жүрүшү театрлаштырылып, “Манас баяны”, “Бурана” жана “Көл баяны” деп аталган. Учурда “Манас Ордо” тарыхый маданий комплексинин аймагында 300гө жакын боз үй тигилген", - деп айтылат маалыматта.

Маданий программадан сырткары республика боюнча 4 жаштан жогору курактагы 25 манасчы экинчи күнү тынымсыз манас айтууда.

"Улуттук көчмөндөр оюндарына жалпы 7 облус, 2 шаар жана “Ала Тоо айымдары” коомдук-экологиялык кыймылы катышып, ар кандай маданий программаларды сунуштап жатышат. Программа улуттук каада – салт, тамак-аш, кийим –кече, ыр-бий сыяктуу иш-чаралар менен толукталган", - деп кабарлашты Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан.

Эске салсак, Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу бөлүгү эртең, 21-сентябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий