• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Ысык-Атада уурулукка шектелип 19 жаштагы жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Ысык-Атада уурулукка шектелип 19 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 28-мартында Ысык-Ата РИИБине арыз менен 1952-жылы туулган Н.В. аттуу жаран кайрылган. Себеби, белгисиз адам тарабынан анын үйүнөн ага таандык болгон велосипед, курулуш инструментери жана акча каражаттары уурдалгандыгын билдирген.

Жогорудагы факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган.

Милиция кызматкерлери траабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип 2003-жылы туулган С.К. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилди.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында шектүү дагы ушундай эле 2 уурулук фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган.

Териштирүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий