• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Ысык-Атадагы "1-Май" суу бассейнинде оңдоо иштери 85%га аяктады

Аймак 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Ысык-Ата районундагы "1-Май" суу бассейни (БДР) капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалымдашкандай, апрель айында башталган иштерди ноябрь айынын аягына чейин аяктоо пландаштырылууда.

Жумуштар аткарылган соң, 7822 гектар жердин сугат суу менен камсыздалышы жогорулайт. Бүгүнкү күндө иштер 85%га аткарылды.

Мындан тышкары, "Ивановка" БДРде капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Сугат жерлеринин суу менен камсыздалышын жогорулатуу аянты 700 гектарды түзөт.

Капиталдык оңдоо иштери декабрь айында жыйынтыкталмакчы.

Министрликтен белгилешкендей, капиталдык оңдоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий