"Ысык-Көл" аэропортуна Ташкенттен биринчи үзгүлтүксүз каттам келди

Аймак 0

Бишкек, 16.06.24. /Кабар/. "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда Ташкенттен биринчи үзгүлтүксүз каттам тосуп алынды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.

Белгиленгендей, Ысык-Көлгө каттамды Өзбекстандын Silk Avia компаниясы ачты. Мындан ары Ташкент — Ысык-Көл — Ташкент багыты боюнча каттамдар шейшемби, бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.

"Бүгүн Ташкенттен Ысык-Көлгө 50 жүргүнчү учуп келди. Учуу убактысы эки саатка созулат. Келечекте алардын санын күн сайын көбөйтүү, тагыраагы июль айынан баштап аталган каттамды күн сайын аткаруу пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

"МЭА" ААК бул каттамга байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий