• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Ысык-Көл – Бишкек жолундагы тыгын. Жалпы 360 айдоочуга айып салынды

Коом 0

Бишкек, 17.07.23. /Кабар/. Дем алыш күндөрү Ысык-Көлдөн Бишкек шаарына кайткан унаалардын саны көп болду, деп билдирет Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, буга байланыштуу ЖКККББнын Ысык-Көл жана Чүй облусу боюнча кызматкерлери жана борбордук аппаратынын өздүк курамы Бишкек - Ысык-Көл багыты боюнча айланма жолдо жол тыгындарын жөнгө салуу үчүн дем алыш экенине карабай иш алып барышты.

"Авто унаалардын саны абдан көп болгондуктан каршы тилкеге чыккан 7 айдоочуга жана ылдамдыкты ашыра айдаган 353 айдоочуга тийиштүү айып пулдар салынды", - деп айтылат маалыматта.

ЖКККББ жалпы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий