• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Зиядин Жамалдинов Кыргыз милициясынын 97 жылдык мааракеси менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 01.11.21. /Кабар/. КР президентинин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерин Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнүн 97 жылдык мааракеси менен куттуктаганын өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Куттуктоодо мындай деп айтылат:

"Урматтуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Урматтуу салтанаттуу аземдин катышуучулары!

Сиздерди, бай тарыхы бар Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 97 жылдык маарекеси менен куттуктаймын!

Бир кылымга жакын убакыттын ичинде Кыргыз милициясы ар кандай сыноолорду башынан өткөрүүгө туура келди. Ушул өткөн убакыттын ичинде мезгил сыноолорун татыктуулук менен жеңип, коомдук тартиптин сакчысы катары эл ишенимине ээ болуп келатат.

Эгемендүү Кыргызстаныбыздын демократия жолунда, укуктук мамлекет катары калыптанып өнүгүүсүнө кошкон салымыңыздар баа жеткис. Өлкөбүздө болгон үч жолку революциялык окуяларда кажыбас кайраттуулук менен кызматыңыздарды өтөп, мамлекеттин коомдук-саясий абалын турукташтыруу жана элибиздин менчигин коргоодо эмгегиңиздер эбегейсиз болгон.

Бүгүнкү күндө Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кылмыштуулуктун алдын-алуу жана кылмыштардын бетин ачуу боюнча коюлган милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарып, жогорку ийгиликтерге жетишип республикада алдынкы орунда келе жатасыздар.

Сиздердин күнү-түнү аткарып жаткан талыкпаган аракетиңиздер коомдук–саясий абалдын туруктуу сакталышына, жарандардын бейпил жашоосуна шарт түзүп, социалдык экономикалык өнүгүүгө өбөлгө болот.

Азыркы учурда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Кыргыз милициясынын даңктуу салттарын жарандардын конституциялык укуктарын коргоого, кылмыштуулуктун алдын-алуу боюнча коюлган бардык тапшырмаларды абийирдүүлүк менен аткарып, коомдук коопсуздукту сактап келүүдө. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан, 2021-жылдын 9 ай ичинде облустун аймагында “Укук бузууларды бирдиктүү алдын алуу күнү” уюштурулуп, ай сайын өткөрүлүп келүүдө. Аталган иш-чаранын жүрүшүндө кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Өмүрүн элине арнап, кызмат кылышкан ардактуу ардагерлерибизге ыраазычылык билдиргим келет.

Сиздердин жаштык курагыңыздар ички иштер органдарында кызмат кылуу менен өттү. Бүгүн бай тажрыйбаңыздарды жаш муундарга үйрөтүп, аларды татыктуу тарбиялоого салым кошуп келе жатасыздар бул эмгегиңиздер унутулбайт.

Сиздердин даңазалуу жолуңуздарды улап, өлкөбүздүн гүлдөп өсүшүнө жана элибиздин жаркын келечеги үчүн, “Кыргыз милициясынын” катарында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери дагы чоң ийгиликтерди жарата берет деп толук ишенебиз.

Ал эми, мамлекет тарабынан Кыргыз милициясына көптөгөн колдоо көрсөтүлүүдө. Кудай буюруса, мындан ары да мамлекет тарабынан келечекте көптөгөн колдоолор көрсөтүлөт.

Урматтуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери!

Ардактуу ардагерлер !

Сиздерди дагы бир ирет Кыргыз милициясынын 97 жылдык маарекеси менен куттуктаймын. Мекен үчүн кызмат кылууда сиздер аркалаган кооптуу, түйшүктүү ошол эле учурда сыймыктуу кызматыңыздарда жаңы ийгиликтерди жана чың ден-соолукту, узак өмүрдү, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалайды каалаймын!.

Пикир

Оставить комментарий