• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ысык-Көл облусу боюнча 1 миң 84 ишкана текшерилип, 985 көрсөтмө берилди - Осмоналиев

Аймак 0

Бишкек, 18.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ысык-Көл облусу боюнча 1 миң 84 ишкана текшерилип, 985 көрсөтмө берилди. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, ишканалар эпидемиологиялык талаптарды аткаруу менен иштөөсү керек. "Жергиликтүү бийлик тарабынан 1 миң 84 текшерүү жүргүзүлүп, 985 ишканага көрсөтмөлөр берилди. Ал эми 2-3 жолу эскертүү алгандарга айыппул салынап жатат", - дейт ал.

Осмоналиев облус аймагында 2 миң 400 объект, 700 миң чарчы метр дезинфекцияланганын айтат. "Дезинфекциялоо иштери күнү-түнү жүрүүдө жана бардык каражаттар жетиштүү", - деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилген. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт. Кыргызстанда 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий