• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Ысык-Көл облусу менен Түндүк Саксония кызматташат

Аймак 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун алкагында Ысык-Көл облусу менен Түндүк Саксония округу кызматташуу меморандумуна кол койду. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Документке облус жетекчиси Уланбек Далиев жана Түндүк Саксония районунун башчысы Каи Эмануэль кол койду.

Меморандумга ылайык, экономика, маданият, билим берүү, туризм сыяктуу тармактарда биргелешкен долбоорлор ишке ашырылат.

Жолугушууда тараптар инновациялык технологияларды киргизүүнү, алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн ошондой эле туризм тармагында алакаларды арттыруу ниеттерин билдиришти. Ошондой эле алар билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууну карашты.

Уланбек Далиев Түндүк Саксония менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү Ысык-Көл облусуна жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн айтты.

"Бүгүнкү саамалык Ысык-Көл облусу менен Түндүк Саксониянын ортосундагы достук мамилелерин жогорку деңгээлге чыгарып, кызматташуунун жаңы горизонтторун ачат", - деп белгиледи ал.

Өз кезегинде Каи Эмануэль Түндүк Саксония айыл чарба тармагында кызматташууга өзгөчө көңүл бурарын белгилеп, меморандумдун алкагында эки аймактын саламаттык сактоо, туризм жана билим берүү тармактарында узак мөөнөттүү кызматташуусу өнүгөрүнө ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий