Бишкек, 12.08.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусу боюнча 2024-жылдын 7 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 10,5 млн сом суммасында 18 долбоор бекитилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Алсак,
- Түп районундагы 7 объектиге 4,0 млн сом;
- Ак-Суу району - 6 объектисине 4,4 млн сом;
- Каракол шаары - 5 объектиге 2,1 млн сом;
Жалпы:
- 4 мектепке – 2,0 млн сом;
- 1 саламаттык сактоо мекемелерине – 0,7 млн сом;
- 3 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине – 2,4 млн сом;
- 1 спорттук курулуштар – 0,6 млн сом;
- 6 маданий маанидеги объектилерге- 3,3 млн сом;
- 3 бала бакчага – 1,5 млн сом;
Пикир
Оставить комментарий