• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Ысык-Көл облусуна эл аралык медициналык уюмдун делегациясы барды

Аймак 0

Бишкек, 25.09.24. /Кабар/. Күн мурун президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева австралиялык профессор Николас Вулфилд баштаган эл аралык медициналык уюмдун делегациясын кабыл алды.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө балдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча маселелер каралды.

Айнура Султанбаева өз сөзүндө эл аралык уюмдун облустагы саламаттыкты сактоо тармагына кошкон зор салымын баса белгилеп, алардын иш аракеттеринин негизинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды дарылоо жана болочок энелер арасында жүрүп жаткан профилактикалык иштер оң таасирин тийгизип жатканына токтолду.

"Ысык-Көл облусунда 3 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жашайт, анын ичинен 600гө жакын бала Церебралдык шал оорусунан жабыркагандар", - деди ал.

Өз кезегинде делегация башчысы, профессор Николас Вулфилд мындан ары да ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, церебралдык шал оорусу менен жабыркаган балдарды реабилитациялоо жана дарылоо боюнча методикалык пландары менен бөлүштү.

Пикир

Оставить комментарий