Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда 249 шайлоо тилкеси иштеп жатат.
Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бүгүн, 17-ноябрда облус башчысы Уланбек Далиев жубайы менен Жети-Өгүз районундагы №3172 шайлоо участкасына келип, добуш берди.
Жалпы Ысык-Көл облусу боюнча жергиликтүү кеңештин шайлоосуна 19 саясий партия 25 кеңештеги 625 мандат үчүн ат салышат.
Шайлоого 346 миңден ашуун шайлоочу катышат деп күтүлүүдө.
Жалпысынан саясий өнөктүктө 249 шайлоо участогу уюштурулган.
Пикир
Оставить комментарий