• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашагандарды көчүрүүнү тездетүү тапшырмасы берилди

Аймак 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы кооптуу аймакта жашагандарды көчүрүү процессин тездетүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-февралда өткөн координациялык кеңешмеде облус башчысы Абсаттар Сыргабаев жазындагы жаан-чачында кооптуулук жогору болоорун айтып, көчүрүү жумуштарын күчөтүү тапшырмасын берди.

Өкүл дарыя жээктерин бекемдөө, суу ташкындарынын алдын алууда кооптуу жайларды аныктап мониторинг жүргүзүү жагы солгундугун сынга алды. Өз учурунда көрүлгөн аракеттер адам өмүрүн сактап, ири көлөмдөгү материалдык чыгымдардын алдын алаарын эскертти.

Аталган жайларда 1 миң 286 үй-бүлө жашап, буга чейин 942сине жер тилкелери жана ссуда берилген.

Аймактардан Сузак районунда - 642, Базар-Коргон районунда - 291, Аксы районунда - 142, Майлуу-Суу шаарында - 100, Жалал-Абад шаарыда - 82, Ноокен районунда - 17, Кара-Көл шаарында - 12 үй-бүлө бар.

Жалал-Абад облусунун жалпы беш миңден ашуун кооптуу жайлары аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий