• 87
  • 91.29
  • 0.84

Ысык-Көл облусунда саясий абал туруктуу – ИИМ

Коом 0

Бишкек, 18.11.24. /Акназик ТургунбаеваКабар/.Ысык-Көл облусунун аймагында учурда саясий абал туруктуу. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын бөлүм башчысы Султан Макилов билдирди.

Ал белгилегендей, кечээ күнү чыккан маалыматтар чындыкка дал келбейт жана жалган маалымат тараткандарга сөзсүз түрдө юридикалык чаралар көрүлөт.

“Түнү менен кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иш алып барышты. Бүгүн дагы биздин кызматкерлер коомдук коопсуздукка көзөмөл жүргүзүүдө. Социалдык тармактарда тараган видеолор эски. Чындыкка дал келбеген маалыматтар. Бул фактыларга мыйзам чегинде чара көрүлөт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий