• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Ысык-Көл облусунда "Улут наркы – эл баркы" аттуу маданий иш-чара өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. Бүгүн Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык-драма театрында "Улут наркы – эл баркы" аттуу маданий иш-чара өтүүдө.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, иш-чара кыргыз элинин улуттук нарк-насилин, каада-салттарын жана руханий баалуулуктарын жайылтууга багытталган.

Ага Кыргызстан муфтийи Абдулазиз Закиров, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев, Ысык-Көл облусундагы диний уюмдардын жетекчилери жана жамааттардын өкүлдөрү катышууда.

Уланбек Далиев кыргыз элинин нукура маданиятын кийинки муундарга жеткирүү жана коомго жайылтуу үчүн мамлекеттик саясат жана диний уюмдардын биргелешкен аракеттери өтө маанилүү экендигин айтты.

"Бүгүн облус аймагындагы 287 мечиттин ичинен 222си мамлекеттик каттоодон өткөн. Калган мечиттердин каттоосу уланууда. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы бизге бул тармактагы ишти так жана системалуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүдө. Ушул сыяктуу иш-чаралар биздин коомду экстремизм менен терроризмден коргоодо, ынтымакты жана биримдикти бекемдөөгө чоң салым кошот деп ишенем", - деди ал.

Белгилей кетсек, иш-чаранын алкагында улуттук каада-салттарды чагылдырган театралдык көрсөтүүлөр, маданий программалар жана экстремизм менен терроризмге каршы күрөшүү боюнча маалыматтар берилүүдө.

Бул саамалыкты өткөрүүдө жергиликтүү бийлик органдары, активисттер жана жамааттар активдүү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий